Бишкекке жааган киргилт кар. Кыргызгидромет эмне дейт?

Социалдык тармак колдонуучулары бозомтук өңдөгү кардын жаашы боюнча түрдүү пикирлерди айтып жатышат. Көпчүлүк муну калааны каптаган кара түтүнгө байланыштырууда.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкекте бозомтук түстөгү киргилт кар жаап жатат. Шаардыктар түштөн кийин жаай баштаган кардын өңү ак эмес экенин байкашкан. Социалдык тармактын колдонуучулары кардан кийин кийимдеринде кир тактар пайда боло баштаганын жазып чыгышты.
1 / 4
Бишкекте бозомтук түстөгү киргилт кар жаап жатат. Шаардыктар түштөн кийин жаай баштаган кардын өңү ак эмес экенин байкашкан
2 / 4
Айрым интернет-колдонуучулар бул Бишкектеги жылытуу мезгили башталган учурдагы кадимки көрүнүш экенин айтса, айрымдар Өзбекстанда болгон бороондун чаңы бизге да келди деген пикирди ортого салышты
3 / 4
Бирок Кыргызгидромет өлкөбүздө аба нымдуу болгондуктан бороондун чаңы кардын түсүнө эч кандай таасир эте албастыгын билдирди
4 / 4
Синоптиктер мунун себебин түшүндүрө элек.
Айрым интернет-колдонуучулар бул Бишкектеги жылытуу мезгили башталган учурдагы кадимки көрүнүш экенин айтса, айрымдар Өзбекстанда болгон бороондун чаңы бизге да келди деген пикирди ортого салышты.
Бирок Кыргызгидромет өлкөбүздө аба нымдуу болгондуктан бороондун чаңы кардын түсүнө эч кандай таасир эте албастыгын билдирди. Синоптиктер мунун себебин түшүндүрө элек.