Эртең Бишкектин айрым жерлеринде муздак суу өчөт

Бул күнү "Киркомстром" суу кампасында жана шаар ичиндеги суу түтүктөрүндө профилактикалык иштер аткарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Эртең, 18-ноябрда, Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Суу саат 9.00дөн тарта 18.00гө чейин Абакан, Дэн Сяопин, Волков, Садыгалиев көчөлөрү жана темир жолдун ортосундагы аймакта жок болот.
Бул күнү "Киркомстром" суу кампасында жана шаар ичиндеги суу түтүктөрүндө профилактикалык иштер аткарылат.
Мэрия жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, жарандарды суу камдап алууга чакырды.