Бейшембиге карата аба ырайы

18-ноябрга караган түнү көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бейшемби күнү Ош, Жалал-Абад чөлкөмүнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Дыйканчылык аймактарында жана башка облустарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө -3...+2, Талас жергесинде -4...+1, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көл менен Нарын аймагында 0...-5 градус болот.
Бишкек, Ош калаасында жаан-чачын күтүлбөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо 0...+2, Ошто +5...+7 градуска жетет.