Быйыл өлкөдө эт көп өндүрүлдү. Жылкы көбөйүп, тоок азайды

Ушул жылдын 1-январына карата республикада ири мүйүздүү малдын, жылкынын, кой-эчкинин саны өскөн. Ал эми үй канаттуулары азайган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. 2021-жылдын январь-ноябрь айларына карата республикада бардык категориядагы чарбакер субъектилерде 344,3 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 082 тоннага же 1,8 пайызга көп болду. Мындай өсүштүн негизги себеби малдын санынын көбөйүшү менен байланыштуу.
Жыл башынан бери Кыргызстан кайсы товарларды сыртка көп сатты. Статистика
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын 1-январына карата республикада ири мүйүздүү малдын саны 35,0 миң башка көбөйүп 1 715,7ни түздү. Кой жана эчкинин саны 11,9 миң башка көбөйүп 6 278,7ге жетти. Жылкынын саны 17,0 миңге көбөйүп 539,6 миң баш болду. Ал эми үй канаттууларынын саны 140,7 миңге, чочконун саны 5,2 миңге азайган.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын ноябрь айында республиканын бардык облустарында эт көбүрөөк өндүрүлгөн.