Жуктургандардан сакайгандар көп. 17-ноябрдагы COVID статистикасы

Азыркы тапта Кыргызстан боюнча стационарда 521, ал эми амбулатордук шартта 734 адам дарыланып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 77 адамдан коронавирус табылып, 102 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Дарыгер коронавирус жуктурганда кандай дарыларды ичүүгө болбой турганын айтты
Азыркы тапта стационарда 521, ал эми амбулатордук шартта 734 адамдын дарыланып жатканы айтылды.
Өткөн суткада эмдөөдөн 12 814 киши өттү, анын ичинен 5 998и биринчи дозаны, 6 816 адам экинчи дозаны алган. Жалпы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 1 050 051ге жетти (экинчи доза 830 720 адам).