Жапаров: коррупциялык иштерди Башкы прокуратуранын атайын башкармалыгы тергейт

Президент жаңы башкармалыкка аброю таза, мурда коррупциялык схемаларга аралашпаган тергөөчүлөр келиши зарыл экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы түзүлдү, мындан ары коррупциялык мүнөздөгү бардык иштер ушул жакта каралат. Бул тууралуу Садыр Жапаров Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин отурумунда билдирди.
Айтымында, бул башкармалыкка аброю таза, мурда коррупциялык схемаларга аралашпаган тергөөчүлөр келиши зарыл.
"Тергөө башкармалыгына тергөөчүлөрдү тандоо ачык жүргүзүлүп, талапкерлердин коррупцияга азгырылышына каршы туруусун аныктоо үчүн полиграфиялык жана психологиялык тесттен өтүшү зарыл", — деген өлкө башчы.
Президент белгилегендей, ИИМге, сот тутумуна, мамлекеттик кызматка жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кызматкерлерди тандоо учурунда коррупцияга азгырылуусуна каршы туруктуулугун аныктоо үчүн психологиялык диагностика сөзсүз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш.