БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. УКМК органдарына мурда ар кандай кылмыш жасагандыгы үчүн сот жообуна тартылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү алып келинип, шайлоо процесстерине кийлигишүүсүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлады.
Бул ыкчам тергөө иш-чаралары уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар адамдарга карата Кыргызстандын бардык аймактарында жасалган.
"8-12-ноябрь күндөрү алар менен тиешелүү тергөө аракеттери, ошондой эле алардын шайлоо процесстерине кийлигишүүсүнө жана кайсы бир талапкердин же партиянын кызыкчылыгын колдоого жол бербөө боюнча профилактикалык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", — деп маалымдады УКМКдан.
Ал иштер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги менен биргеликте жасалган.