Күнүгө колдонобуз. Жүрөк оорусун пайда кылган азык аталды

АКШнын окумуштуулары туз менен жүрөк-кан тамыр ооруларынын байланышын аныктоо үчүн 10 миң кишинин заарасынын анализин карап чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Американын кардиологиялык бирикмесинин окумуштуулары тузду көп колдонуу жүрөк-кан тамыр ооруларына кептей турганын аныктады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Окумуштуулар: кан басымы жогорулар кара чай ичиши керек
Чогултулган маалыматтар жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган 571 кишинин дарты натрийди (туздун курамында арбын болот) көп колдонуп, калийди аз пайдаланышы менен түздөн-түз байланыштуу экенин көрсөткөн.
"Мындайча айтканда, тузду ашыкча колдонуу жүрөк оорусуна кабылуу тобокелдигин 18 пайызга жогорулаткан", — деген Коомдук саламаттык сактоо боюнча Гарвард мектебинин илимий кызматкери Юань Ма.
Адистер туздун организмге зыяндуулугун алдын алуу үчүн анын суткалык нормасын кайрадан аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүүнү пландап жатышканы айтылат.