Самара Абдымалик кызы самбо боюнча дүйнө чемпионатынан коло байге утту

Кыргызстандык спортчу кыз 50 килограмм салмакта ат салышкан. Байге фондунда коло медаль уткандарга эки миң доллар акчалай сыйлык берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык самбо күрөшүнүн чебери Самара Абдымалик кызы Ташкентте өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль утту. Мелдештин экинчи күндөгү жыйынтыгын Самбо эл аралык федерациясы расмий сайтына чыгарды.
Кубанган, ызаланып ыйлаган балдар. Шахмат боюнча Президенттин кубогунан видео
Бул салмакта беларустук Анфиса Капаева чемпион болуп алтын медаль тагынды. Ал эми өзбекстандык Сабина Давлатова күмүш байге утту. Дагы бир коло байгени россиялык Мария Молчанова жеңди.
Маалыматка ылайык, дүйнө чемпионатынын байге фонду 231 000  долларды  түзөт. Биринчи орунга 4 000 доллар, күмүш байгеге 3 000 доллар, ал эми коло байге уткан спортчуларга 2 000 доллар акчалай сыйлык каралган.