Президент Жапаров: коррупция жөнүндө кабарлаган адамдарга сый акы берилиши керек

Мамлекет башчы коррупцияга каршы иш жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдарга дагы колдоо көрсөтүү керектигин баса белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. – Sputnik. Элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген коррупциялык кылмыштар тууралуу фактыларды билдирген адамдарга сый акы берүү ыкмасын мүмкүн болушунча тезирээк ишке киргизүү зарыл. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынына катышып жатып билдирди.
Анын айтымында, коррупция менен күрөшүү жаатында иштеген коомдук уюмдардын ишин колдоо максатында Финансы министрлигинин алдында атайын адистештирилген фонд түзүлдү.
"Ошондой эле коррупция жөнүндө кабарлаган адамдарга, анын ичинде коррупциялык схемаларды жана мамлекетке келтирилген коррупциялык зыянды аныктаган кызмат адамдарына бул фондудан бир жолку акчалай сыйлыктар каралышы керек", — деди Жапаров.
Президент коррупцияга каршы иш жүргүзгөн коммерциялык эмес коомдук уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү менен каржылоо жагын караштыруу зарыл экенин кошумчалады.