Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексин кошкондо үч документке кол койду

Баш мыйзам менен карама-каршы келген учурлар болгондуктан буга чейин кодекстердин долбоорлору кайра Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жаңы үч кодексти колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Бүгүн Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин отуруму болуп, ага Жапаров катышат
Маалымат кызматынан кодекстерге президент үстүбүздөгү жылдын 28-октябрында кол койгондугун билдиришти. Буга чейин жогоруда белгиленген мыйзамдык актыларда бир катар дал келбестиктер, Конституция жана Кыргызстанда иштеп жаткан мыйзамдар менен карама-каршылыктар болгондуктан президент тарабынан иштеп чыгуу үчүн кайтарылган.