Радио

Кулжаев: Кыргызстанда регбиге кызыккандар көбөйүүдө

Регби федерациясынын президенти Нургазы Кулжаев акыркы жылдары регбиге кызыккан жаштардын саны өсүп, акырындык менен күчтүү курама команда топтолуп жаткандыгын айтты.
Sputnik
2001-жылы Регби федерациясы ачылып, спортту өлкө аймагына жайылтуу маселеси коюлган. Мындай маалыматты Нургазы Кулжаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын курама командасы эл аралык мелдештерге катышуу мүмкүнчүлүгүн алып, Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган Азия чемпионатына даярдык көрүп жатат.
"Регби оюну 1825-жылдары Англиянын Регби деген шаарында пайда болуп, 1845-жылдары алгачкы эрежелери жазылып, ойнолуп баштаган. Кыргызстанга бул спорт 2001-жылы келип, аны жайылтуу боюнча федерация түптөлгөн. Аны Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын кызматкери Аскаралы Наралиев негиздеген. 2005-жылдары ички иштер органдары ортосунда регби боюнча мелдештер өтүп, күчтүүлөр тандалып турган. Кийинчерээк андай иш-чара уюштурулбай калып, учурда кайра жанданууда. Ага байланыштуу регбиге кызыккан балдардын саны акырындан өсө баштады. Жакында биздин спортчулар Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган Азиянын биринчилигине катышат", — деди Кулжаев.
Ошондой эле ал Кыргызстан Азия регби федерациясынын мүчөсү болуп, эл аралык мелдештерге катышуу мүмкүнчүлүгүн алгандыгын кошумчалады.