Кыргызстанда вакцинаны кош бойлуулар, бала эмизгендер, өспүрүмдөр ала баштайт

Министрлик калкты максималдуу түрдө эмдөөгө жетишүү үчүн жаңы категориядагы адамдарды киргизди. 16-ноябрга карата республикада вакцинаны калктын 46 пайызы алган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда эми 16-18 жаштагы балдар, кош бойлуулар жана эмчек эмизгендер коронавируска каршы вакцина сайдыра алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Ведомство буга чейин өлкөгө коронавируска каршы "Спутник Лайт" вакцинасынын 200 миң дозасы жеткирилгенин эске салды. Препарат бир дозалуу болуп саналат.
"Саламаттык сактоо министрлиги калкты максималдуу түрдө эмдөөгө жетишүү үчүн жаңы категорияны киргизди. Алар — 16-18 жаштагы өспүрүмдөр, кош бойлуулар жана бала эмизгендер", — деп билдирди министрлик.
Министр: Кыргызстанда COVID-19га каршы ревакцинация декабрда башталат
16-ноябрга карата республикада коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын калктын 46 пайызы, ал эми экинчи дозасын 37 пайызы алган.
Эпидемиологиялык кырдаалдын көрсөткүчү боюнча 15-ноябрдан тарта Бишкек "кызыл аймактан" "сары аймакка" өттү, калган аймактар "жашыл аймакта" турары айтылат. Бир дагы жер "кызыл аймакта" эмес. Абалды жакшыртууга вакцина алуу оң таасир этип жатканы белгиленди.