Кара-Суудагы өлүм коштогон жол кырсык. Дагы 15 адам ооруканага жеткирилди

Жол кырсыгына кабылган 15 киши ооруканага жеткирилди. Алардын жарымы жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Арасында балдардын абалы өтө оор.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош кан жолундагы жүрөк үшүн алган кырсыктан жабыркаган 15 киши Ош облустук ооруканасына жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Жол апааты трассанын 661-чакырымында катталып, анда КамАЗ, Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia сүзүшкөн. Каргашада жети адам көз жумган.
Тогуз айда жол кырсыгынан 600гө чукул киши набыт болгон. Министр тапшырма берди
Министрлик билдиргендей, жабыркагандардан жети киши оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат, алардын абалы өтө оор деп сыпатталууда. Нейрохирургия жана травматология бөлүмүнө жаткырылган эки адамдын абалы орто оор, ал эми Ош шаардык ооруканасындагы бейтаптын абалы орто экени айтылды. Ош облустар аралык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган эки баланын абалын да дарыгерлер өтө оор деп билдиришкен.
Ал эми жабыр тарткан дагы үчөө алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн соң үйлөрүнө чыгарылган.