"Ош" аба майданындагы авиакаттамдар жаңы графикке өттү. Себеби

Аба майданы 31-октябрдан тартып учуп-конууларды жаңы график боюнча тейлей баштайт. Бул тартип 2022-жылдын 26-мартына чейин уланмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. "Ош" эл аралык аэропорту күзгү-кышкы графикке өттү. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашты.
"Аба майданы 31-октябрдан тартып учуп-конууларды жаңы график боюнча тейлей баштайт. Бул тартип 2022-жылдын 26-мартына чейин уланмакчы", — деп айтылат билдирүүдө.
Жаңы график менен "Манас" эл аралык аэропортунун расмий сайтынан таанышууга болот.
"Манас" аэропорту жаңы расписание менен иштей баштады. Рейстердин графиги
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандан Россия, Казакстан жана Түркияга түз учуп барып-келүүгө болот. Каттамдарды жергиликтүү жана чет элдик авиакомпаниялар аткарат.
Ал эми өлкө ичинде кыргызстандык TEZ JET, Avia Trafic Company жана "Эйр Манас" компаниялары каттайт. Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча аптасына TEZ JET 26 жолу, Avia Trafic Company 7 жолу, ал эми "Эйр Манас" 15 жолу учат.