БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Көмүр рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн ыкчам иш алып барган комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан билдирди.
Баалар башаламан кымбаттаса комиссияга кайрылуу керек.
"Комиссия көмүрдү башаламан баада сатууга жол бербөө жана аны аныкталган, туруктуу баада сатуу үчүн көмүр ташуучуларды стационардык отун базаларына жөнөтүү максатында түзүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Комиссиянын курамына Салык кызматынын, милициянын, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кирди.
Көмүрдүн кымбатташы, салмагынын аздыгы, көмүрдүн туруктуу аныкталган баанын жоктугу, уруксаты берилбеген жерде соода кылган жарандар боюнча ыкчам комиссияга төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот:
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги буга чейин өлкөдө көмүрдүн баасын бекиткен. Ага ылайык, Бишкекте көмүрдүн бир тоннасы 4 500 сомдон ашпаш керек.