БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешев кечээ, 15-ноябрда, УКМКга сурак берип чыкты.
Ал эми бүгүн, 16-ноябрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул боюнча расмий маалымат таратты. Ага ылайык, Бекешев Жазык кодексинин 194-беренесинде каралган "Шайлоону же референдумдарды өткөрүүдө каражатты мыйзамсыз пайдалануу" боюнча шайлоо мыйзамын бузган.
"Дастан Бекешевдин шайлоо фондундагы каражаттан тышкары келишим түзбөстөн үгүтчүлөргө акча төлөнгөндүгү аныкталды. Мындан сырткары, 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр талапкердин үгүт иштерин жүргүзгөн. Бул Конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузгандык", — деп айтылат маалыматта.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ошол эле учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын көчүрмөлөрү тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилери айтылды.
Ал эми депутаттыкка талапкер Бекешев мындай айыптоолорду четке кагып, окуя боюнча пикирин өзүнүн Telegram каналына жарыялады.
"Шайлоо фондунан тышкаркы каражатка айлык төлөдү деген болбогон кеп. Мен фонд үчүн үч миллиондон бир аз ашык акчаны эптеп чогултсам, шайлоо фондуна кирбеген каражатты кайдан таап, айлыктарды кантип төлөмөк элем? Бул ойго келбеген нерсе да. Алар андан көрө бюджети 20 миллион сомго жеткен менин оппоненттеримди текшерсе болмок. Мен болбогон акчам менен жакшы шайлоо өткөрүүгө аракет жасап жатам", — деди Бекешев.
Ал ошондой эле УКМКнын аракетин административдик ресурс катары баалай турганын кошумчалады.