БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 103 адамдан коронавирус табылып, 97 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Азыркы тапта стационарда 531, ал эми амбулатордук шартта 752 адамдын дарыланып жатканы айтылды.
Өткөн сутка ичинде эмдөөдөн 11 322 киши өттү, анын ичинен 5 207си биринчи дозаны, 6 115 адам экинчи дозаны алган. Жалпы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 1 043 888ге жетти (экинчи доза 823 787 адам).