Жуткан жаныбарын сиңире албай бадалга кептелип калган анаконда. Видео

Бразилияда экспедицияга чыккан топ жуткан жаныбарын сиңире албай сууда калкып, жээктеги бадалга кептелип калган анаконданы кезиктирип, видеого тартып алган.
Sputnik
National Geographic Россия сайтынын жазышынча, анаконда эмнени жутуп алганын жазган эмес. Бирок алар башка жыландар сыяктуу олжосун алгач денеси менен толгоп кысып, бүкүлү бойдон жутуп, көп убакытта сиңирет.
Адистер бадалдын бутактарын кесип, жыланды бошоткон. Анын кыйынчылык менен сойлогону айтылат. 
Ошондой эле экологдор тамагын сиңире албай сууда калкып калган дагы бир анаконданы кезиктиришкен. Анын денеси өтө эле чоң болуп чоюлуп калганын айтышкан.