Бишкекте Улуу Ата Мекендик согушта Москваны коргогондор эскерилди. Сүрөт

Москваны кан-жаны менен коргогондорду эскерүү үчүн мэриянын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Россиянын Казакстан жана Кыргызстандагы элчиликтеринен келишти.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Москва шаарын коргогондордун эрдигин эскерген "Даңкыбыз менен көңүл оорубуз ушул жерде" деген аталыштагы митинг болуп өттү. Бул туурасында "Евразиялыктар — жаңы муун" фондунан кабарлады.
"Москвада 1941-жылдын күзү менен кышында болгон каармандык менен коргонуу Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы маанилүү окуялардын бири. Салгылаштын саясий дагы, стратегиялык дагы мааниси зор эле. Ал эми панфиловчу-жоокерлердин, Подольскидеги курсанттардын, элдик кошуундардын эрдиги өлбөс-өчпөс болуп калды", — деп айтылат маалыматта.
Москваны кан-жаны менен коргогондордун элесин эскерүү үчүн мэриянын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Россиянын Казакстан жана Кыргызстандагы элчиликтеринен келишти. Салт болуп калган митинг-реквиемге Бишкектеги ЖОЖдордун студенттери жана окутуучулары да катышты.
1 / 4
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Москва шаарын коргогондордун эрдигин эскерген "Даңкыбыз менен көңүл оорубуз ушул жерде" деген аталыштагы митинг болуп өттү
2 / 4
Москваны кан-жаны менен коргогондордун элесин эскерүү үчүн мэриянын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Россиянын Казакстан жана Кыргызстандагы элчиликтеринен келишти
3 / 4
Салт болуп калган митинг-реквиемге Бишкектеги ЖОЖдордун студенттери жана окутуучулары да катышты
4 / 4
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскердик атташеси Владислав Филиппов панфиловчу-жоокерлердин — легендага айланган 316-аткычтар дивизиясынын эрдиги эч качан унутулбай тургандыгын айтты
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскердик атташеси Владислав Филиппов панфиловчу-жоокерлердин — легендага айланган 316-аткычтар дивизиясынын эрдиги эч качан унутулбай тургандыгын айтты.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин шаардык коомунун төрагасы Мелис Бейшеев панфиловчу дивизия өзүнүн позициясын гана коргобостон, немецтик төрт дивизиянын таш-талканын чыгарган эрдигин эскерди.
Радио
Тарыхчы: адамдын атын алган эки дивизиянын бирөө — панфиловчулар
"Дал ошол Москва салгылашуусун Улуу Ата Мекендик согуштагы маанилүү, кармаштын нугун өзгөрткөн учур деп баалоого болот. Борбор калаа үчүн болгон бул ири кармашка 7 миллионго чукул киши тартылган", — деди Бейшеев.
Митингдин катышуучулары баатырларды аза мүнөтү менен эскерип, аягында салют атылды. Иш-чара Өчпөс отко гүл коюу менен аяктады. Аны Коргоо министрлигинин оркестри коштоду.