Беларусь менен Польшанын чек арасында Европага кирүүнү көздөгөн мигранттар дагы деле чогулуп турат. Польшанын күч органдары аларды өз аймагына киргизбей, 2 миңдей киши "Брузги" көзөмөл өткөрүү пунктунан анча алыс эмес жерге лагерь жайгаштырып алышты.
Ал эми Гаити мамлекетинде бир нече айдан бери нефть терминалдарын куралчан бандалар курчап алгандыктан күйүүчү май тартыш болуп жатат.
Ал ортодо Стамбул шаарында (Түркия) Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешин Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) катчылыгынын жаңы штаб-квартирасы ачылып, салтанатка Түркия, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Венгриянын башчылары катышты.
Бишкек World Air Quality рейтингинде дүйнөдөгү абасы кир аймактардын сап башына чыкты.