БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Казакстандын Караганда облусунда абакта отурган кылмышкер уурулар үйдүн ичинен акчаны кантип издей турганын айтып бергенин Жаза аткаруу кызматына шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Ошондой эле кылмышкер уурдап жүргөн "тажрыйбасына таянып", адатта баалуу буюмдар кайсы жерлерге катыларын жана кылмыш кылууга канча убакыт кетерин да айтып берген.
Кылмышкерлер үйгө байкатпай акырын кирерин, эки бөлмө батирдеги баалуу буюмдарды "шыпырып" кетиш үчүн болгону жети мүнөткө чукул убакыт кетерин айткан.
"Зер буюмдарды анча ката беришпейт. Алар тартмаларда, күзгүнүн жанындагы кутучаларда болот. Ал эми акчаны матрацтын астына, кийимдердин арасына, эски курткалардын чөнтөгүнө, муздаткычка, кээде балдардын оюнчуктарынын арасына коюп коюшат. Айрым учурда гүл отургузган же таштанды челектеринин алдынан дагы табылат", — деген ал.
Сөзүнүн аягында соттолуучу ири суммадагы акчаны банкка сактоо керек деген пикирин айткан. Анткени үйдөгү сейфтерди ачып алуунун да жолдору көп.