ТЭЦ-2 жакта жайгашкан үйлөргө кызыл китеп берилет. Жапаровдун тапшырмасы

Мамлекет башчы ушул жуманын аягына чейин жерди мыйзамдаштыруу боюнча министрлер кабинетинин токтому чыгарын убадалады.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Жакынкы убакта борбордук ТЭЦ-2нин жанындагы жашоочулардын жерлери мыйзамдаштырылат. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 3
Жакынкы убакта борбордук ТЭЦ-2нин жанындагы жашоочулардын жерлери мыйзамдаштырылат
2 / 3
Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарындагы ТЭЦ-2нин жанында пайда болгон конуштун жашоочулары менен жолугушкан
3 / 3
Андан ал аталган тилкелерди трансформациялоого байланыштуу министрлер кабинетине тийиштүү тапшырма бергени айтылды
Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарындагы ТЭЦ-2нин жанында пайда болгон конуштун жашоочулары менен жолугушкан.
Андан ал аталган тилкелерди трансформациялоого байланыштуу министрлер кабинетине тийиштүү тапшырма бергени айтылды.
"Ушул жуманын аягына чейин министрлер кабинетинин токтому чыгып, андан кийин энергетиктер башка бардык процедураларды бүтүрүп, андан соң кызыл китептерди чыгаруу башталат", — деди Жапаров.
Ошондой эле конушту Бишкек шаарынын курамына киргизүү жөнүндө маселени чечүүнү тапшырган.
Бишкек жана Ош шаарында жерлерди мыйзамдаштыруу: мыйзам долбоору иштелип чыкты
Аны менен бирге мамлекет башчысы мындан ары жер басып алуу деген түшүнүк болбой турганын баса белгиледи.
"Эгер кимдир бирөө мындайга батынса, мыйзамды бузгандыгы үчүн дароо кармашат", — деди президент.
Жергиликтүү тургундар көптөн бери созулуп келген көйгөйлөрүнүн чечилгенине ыраазычылыктарын билдиришкен. Алардын айтымында, 16 жылдан бери ар кайсыл органдарга кайрылып, бирок майнап чыккан эмес.