Садыр Жапаров Кара-Кече көмүрү бүгүн 3 000 сомго түшөрүн айтты. Видео

Мамлекет башчы жергиликтүү тургундар менен учурашып "үшүбөй эле турасыңарбы, көмүрүңөр барбы" деп сураган. Анда эл көмүрдүн баасы кымбат болуп жатканын айткан.
Sputnik
Президент Садыр Жапаров ТЭЦ-2 объектинин жанындагы конуштун тургундары менен жолугушуу учурунда Кара-Кече көмүрүнүн баасы 3 000 сомго түшөрүн убадалаган.
Анда мамлекет башчы жергиликтүү тургундар менен учурашып "үшүбөй эле турасыңарбы, көмүрүңөр барбы" деп сураган. Анда эл көмүрдүн баасы кымбат болуп жатканын айткан.
"Бүгүн Бишкекте Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасынын баасы 3 000 сомго түшөт. Бир кампага алып келип түшүрүп жатабыз. Кайсы кампа экенин билбейм, ал боюнча маалымат соцтармактарга жана телевидениеге чыгат.  6 000 сомго сатып жаткандар жүк ташуучу унаанын айдоочулары. Аларга "бааны түшүргүлө" десек макул болбой коюшту. Мындан улам өзүбүз алып келип арзандатып салалы деп жатабыз. Сатса алар да түшүрүп сатышат, болбосо аймактарга ташып сатышсын", — деди Жапаров.
Садыр Жапаров: ТЭЦ–2 объектисин 2023-жылдын орто ченинде ишке киргизебиз
Буга чейин президент бүгүн-эртең көмүрдүн баасы сезилерлик арзандай турганын айткан.
Белгилей кетсек, көмүрдүн кымбаттап кетишин токтотуу максатында өкмөттүн атайын токтому чыккан. Анын негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ар бир аймакта кара алтындын баасын бекиткен. Ага карабай ишкерлер жана ортомчулар көмүрдү кымбат сатып, элдин нааразычылыгын жаратып жаткан.