Сасык тумоо менен ооругандар үч эсе көбөйдү, балдардан пневмония аныкталууда

Статистикага ылайык, мындай ооруларга көбүнчө 14 жашка чейинки балдар кабылат. Алардын саны 19 382ни же ооругандардын 62 пайызын түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда соңку убакта курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен ооруканага кайрылгандар үч эсеге көбөйдү. Бул туурасында Улуттук статистика комитети Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянуу менен билдирди.
Аталган оорулар менен август айында 11,9 миң адам катталса, октябрда 31,3 миңге жеткен. Бул 100 миң калктын ичинен 476сы ооруга чалдыкканын түшүндүрөт.
Радио
Оторбаева: учурда ооругандардын 68 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзүүдө
Өлкө боюнча катталган курч респиратордук инфекциялардын дээрлик жарымы — 41 пайызы Бишкек шаарында. Андан кийинки сапта Чүй (25 пайыз) жана Ысык-Көл облустары (13 пайыз) турат.
Статистикага ылайык, мындай ооруларга көбүнчө 14 жашка чейинки балдар кабылат. Алардын саны 19 382ни же ооругандардын 62 пайызын түзөт.
Ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына караганда, узаган дем алыш күндөрү балдар ооруканасында курч респиратордук вирустук инфекция менен 537 бейтап кайрылган. 39 баладан пневмония аныкталган.