БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Борбор калаада 20-ноябрь күнү өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган "Кыргызстан 30+" форуму өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.
Тагыраак айтканда, иш-чарада жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын иши, климаттык өзгөрүүлөргө даярдык көрүү, билим берүүдөгү көйгөйлөр талкууланат.