Эрбаев Алишер Ташбаевич — өмүр баяны

Алишер Эрбаев 1973-жылы 23-ноябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Кош-Терек айылында туулган. Жогорку билимдүү.
Sputnik
Россиянын Кургактагы аскер күчтөрүнүн абадан коргонуу академиясын "радиоаппаратураларды эксплуатациялоо инженери" адистиги боюнча бүтүргөн. Ош мамлекеттик университетинде "юриспруденция" адистиги боюнча билимин жогорулаткан.
Эмгек жолу:
1997-2009 — Кыргызстандын улуттук коопсуздук органында кызмат өтөгөн;
2010-жыл, январь-июнь — Каржы полициясында иштеген.
2010-2013 — УКМКда кызмат өтөгөн;
2013-2014 — "ОДА Темир-Жол Күзөт" ЖЧКсынын башкы директору;
2014-2015 — "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКсында башкы директордун кеңешчиси;
2015-2016 — "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКсында тейлөө жана жабдуу боюнча директор;
2016-2019 — Бажы боюнча мамлекеттик кызматтын ички коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы;
2019-2021 УКМКда иштеген;
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.