Мамкызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигине жетекчи дайындалды

Жантаев буга чейин Айыл, суу жана токой чарба министрлигинин алдындагы Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштеген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Элчибек Жантаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке директор болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Жантаев ушул жылдын май айынан бери Айыл, суу жана токой чарба министрлигинин алдындагы Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштеген.