Кыргыз киносунун титаны! Бишкекте Болот Шамшиевге арналган конференция өтөт

Шамшиев "Ак кеме", "Караш-Караш окуясы", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямадагы кадыр түн" жана башка атактуу кинолордун режиссёру.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкекте кинорежиссёр Болот Шамшиевге арналган илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.
Иш-чара "Кыргыз киносунун титаны — Болот Шамшиев. Чыгармачыл инсандын жана өлкөнүн чырмалышкан тагдыры" деп аталып, ордо калаадагы мейманканалардын биринде 16-ноябрь саат 09:30да болот.
Ошондой сырдашууга жетпей өксүйм го деп ойлой берем. Чыңгыз Шамшиевдин маеги
Белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиев "Кыргыз кино кереметин" жаратуучулардын бири. СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы Манас ордени жана башка сыйлыктардын ээси.
"Ак кеме", "Караш-Караш окуясы", "Сүйүү жаңырыгы", "Адамдардын арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямадагы кадыр түн" жана башка атактуу кинолордун режиссёру.
Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында ооруп, көз жумган.