БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын Октябрь райондук милициясы өспүрүм кызды издеп жатканын билдирди.
Бүгүн, 15-ноябрда, А.Э. аттуу аял милицияга кайрылып, 13 жаштагы кызы Каниметова Мырзайым Мирлановнаны таап берүүнү өтүнгөн.
Ал 14-ноябрда болжол менен саат 15:00дө Жантөшев көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканы айтылат.
Өзгөчө белгилери: бою 154 сантиметр, арык-чырай, чачы кыска, кара түстө.
Үстүнө пальто, шым, кара түстөгү ботинка кийип жүргөн жана анименин сүрөтү түшүрүлгөн рюкзак тагынып кеткен.
Райондук милициянын маалымат кызматы өспүрүм кызды көргөндөр же кандайдыр бир маалыматы бар жарандар болсо төмөнкү номерлерге кайрылууну өтүнөт: 0(555) 011-717, 0(312) 54-41-84, 102.