Бишкектин айрым аймактарына жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат

Мэрия бул ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурап, "Газпром Кыргызстан" ишканасы оңдоо иштерин бүткөрөрү менен жылуулук берилерин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ишканасы Бишкектин Осмонкул жана Древесная көчөлөрүнүн кесилиштериндеги жер астындагы өткөргүчтөн газдын сызылып чыгуусун токтотуу үчүн оңдоо иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мындан улам "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасы да 15-19-ноябрь аралыгында жылуулук жана ысык суу берүүнү аргасыздан токтотот.
"№21 мектеп-интернатынын (Дачная, №23 көчөсү), Красный строитель конушундагы Красный строитель көчөсүндөгү отканалар өчүрүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Жеринде "Газпром Кыргызстан" ишканасынын оңдоо иштерин жүргүзүүчү тобу жана атайын техникалары иштеп жатат.
Мэрия бул ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурап, "Газпром Кыргызстан" ишканасы оңдоо иштерин бүткөрөр замат жылуулук берилерин билдирди.