Бишкектин жолдорун 35 техника тазалап, 44 тонна туз себилди. Сүрөттөр

Кар, муздан тазалоо, жолдорго жана тротуарларга туз себүү муктаждыгы жаралса мэриянын 0554 182 185 WhatsApp номерине жазса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын жолдору жана тротуарларындагы карды тазалоо үчүн 37 техника колдонулуп, 44 тонна туз себилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Борбор калаанын жолдору жана тротуарларындагы карды тазалоо үчүн 37 техника колдонулуп, 44 тонна туз себилди
2 / 3
Билдирмеге караганда, көчөлөрдөгү карды күрөө жумуштары саат 4:00дө башталган
3 / 3
Кар, муздан тазалоо, жолдорго жана тротуарларга туз себүү муктаждыгы жаралса, мэриянын 0554 182 185 WhatsApp номерине жазып же күнү-түнү иштөөчү 1840 жана 1850 номерлерине чалса болот
Билдирмеге караганда, көчөлөрдөгү карды күрөө жумуштары саат 4:00дө башталган.
"Ишке жол-эксплуатациялык бөлүмүнүн 12 кызматкери, кар тазалоочу 25 машина, төрт универсал автоунаа, беш трактор менен чыккан. Ошондой эле көчө тазалаган 608 жумушчу кадимки тартип менен иштеп жатат", — деп жазылат маалыматта.
Кар, муздан тазалоо, жолдорго жана тротуарларга туз себүү муктаждыгы жаралса, мэриянын 0554 182 185 WhatsApp номерине жазып же күнү-түнү иштөөчү 1840 жана 1850 номерлерине чалса болот.