Бишкектин үч кичи районунда жарык өчтү. Себеби

Учурда калыбына келтирүү иштери аткарылып жатат. Абоненттер электр энергиясынын башка булагына туташтырылат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкектин 8, 9 жана 10-кичи райондорунда авариядан улам электр жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.
Радио
Мадалбеков: беш киловаттан ашырбаш үчүн электр кубатын туура колдонуш керек
Учурда "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери калыбына келтирүү иштерин аткарып жатат. Абоненттер электр энергиясынын башка булагына туташтырылат. Ишкана жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.