БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкекте жоголгон 13 жаштагы Мырзайым Каниметова табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.
Бишкекте жоголгон 13 жаштагы Мырзайым Каниметова табылды
© Фото / пресс-служба УВД Октябрьского района Бишкека
Анын борбор калаада жоголуп кеткендиги тууралуу кабар бүгүн эртең менен тараган. Милицияга жардам сурап кыздын апасы кайрылган.
Милициядан билдиргендей, өспүрүм курбусунун Руставели көчөсүндө жайгашкан үйүндө болгон.
"Кыз аман-эсен табылып, ата-энесинин колуна тапшырылды", — деди укук коргоо органдарынан.
Бишкек милициясы адамдын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда 102 номуруна чалуу керектигин эске салат.