Баткендин капиталдык курулуш башкармалыгы мамлекетке 12 млн. сом зыян келтирген

Башкармалыктын кызмат адамдары тендердин шартын бузуп, аткарылбаган жана бүтпөгөн курулуш иштерди аткарылган деп жеке жактарга ири суммадагы акча каражаттарын которгону белгилүү болгон. 
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы мамлекетке 12 миллион сом зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. 
Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө башкармалыктын кызмат адамдары тендердин шартын бузуп, алдын ала сүйлөшүп алып, аткарылбаган жана бүтпөгөн курулуш иштерди аткарылган деп жеке жактарга ири суммадагы акча каражатын которгону белгилүү болгон. 
"Алсак, Баткен шаарындагы курулушу бүтпөгөн Баткен облустук медиа борборунун административдик имараты үчүн 11 414 987 сом, ошондой эле Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы орто мектептин окуу корпусу үчүн 1 065 212 сом негизсиз которулган. Натыйжада мамлекет 12 480 199 сом чыгым тарткан", — деп жазылган маалыматта. 
Топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.