Балыкчы — Каракол жолу кантип курулуп жатат. Сүрөт

Тилкелердин биринде асфальттоого чейинки иштердин көп бөлүгү аяктаган. Курулуш иштери аяктагандан кийин төрт тилкелүү эл аралык маанидеги жолго айланаары күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Балыкчы — Каракол жолундагы Балыкчы — Барскоон тилкесинде асфальттоого чейинки иштер 90 пайызга бүткөрүлүп, кошумча курулуштар (көпүрө, түтүктөр) салынууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 5
Балыкчы — Каракол жолундагы Балыкчы — Барскоон тилкесинде асфальттоого чейинки иштер 90 пайызга бүткөрүлүп, кошумча курулуштар (көпүрө, түтүктөр) салынууда
2 / 5
Балыкчы — Барскоон жолунун узундугу 141 чакырым
3 / 5
Маалымат кызматы учурда ал жерде 0-25 чакырымга чейинки жеринде иштер жүрүп жатканын билдирди
4 / 5
Курулуш аяктагандан кийин анын төрт тилкелүү эл аралык маанидеги жолго айланаары күтүлүүдө
5 / 5
Кечээ министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган жолго барып, анын курулушу менен таанышып келген
Балыкчы — Барскоон жолунун узундугу 141 чакырым. Маалымат кызматы учурда ал жерде 0-25 чакырымга чейинки жеринде иштер жүрүп жатканын билдирди.
Курулуш аяктагандан кийин анын төрт тилкелүү эл аралык маанидеги жолго айланаары күтүлүүдө.
Кечээ министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган жолго барып, анын курулушу менен таанышып келген.