Муз үстүндө чимирилип, абада айланган спортчулар. Японияда тартылган сүрөттөр

Японияда өткөн мелдеште жалгыздап бийлөө боюнча жергиликтүү спортчулар Сёма Уно менен Каори Сакамото мыктылыгын көрсөтүштү. Башка категориялар боюнча көбүнесе россиялык спортчулар алдыга чыкты.
Sputnik
Көркөмдөп муз тебүү боюнча 2021/2022 — NHK Trophy 2021 мелдеши Япониянын Токио шаарында 12-14-ноябрь күндөрү болуп өттү. Фигуристтер аялдар, эркектер жана жупташып муз тебүү категорияларында күч сынашты. Ошондой эле музда бийлөө номинациясында дагы мыктылар тандалды.
Жалгыз бийлөө боюнча япониялык спортчулар Сёма Уно менен Каори Сакамото алдына киши салган жок. Аял-эркектин чогуу муз тебүү программасында мыкты деп россиялык Анастасия Мишина менен Александр Галлямовду тандашты. Муздагы бийден биринчи орунду ошол эле россиялык Виктория Синицина менен Никита Кацалапов алды.
 
1 / 16
Россиялык спортчулар Виктория Синицина менен Никита Кацалапов "Музда бийлөө" категориясында биринчи орунга татыды
2 / 16
Канадалык Маржори Лажуа менен Закари Лага "Музда бийлөө" категориясында бешинчи орунга илинди
3 / 16
Украиналык Александра Назарова менен Максим Никитин "Музда бийлөө" категориясында сегизинчи орунга жетишти
4 / 16
Россиядан барган Анастасия Мишина менен Александр Галлямов "Жупташып бийлөө" категориясында мыкты деп аталышты
5 / 16
Америкалык муз бийчиси Эмбер Гленн
6 / 16
АКШнын спортчулары Одри Лу менен Миша Митрофанов "Жупташып бийлөө" категориясында бешинчи орунга татыды
7 / 16
Япониялык Сёма Уно эркектер арасында алдына киши салган жок
8 / 16
Испаниялыктар Сара Уртадо менен Кирилл Халявин "Музда бийлөө" категориясында төртүнчү орунду ээлешти
9 / 16
"Музда бийлөө" категориясында коло байгеге АКШдан келген Мэдисон Чок менен Эван Бейтс татыды
10 / 16
Кыз-келиндер арасында алтын медаль япониялык Каори Сакамотого буюрду
11 / 16
Көрүүчүлөр
12 / 16
Япониялык спортчулар Кана Мурамото менен Дайсукэ Такахаси "Музда бийлөө" категориясында алтынчы орун алышты
13 / 16
Бий программасы боюнча россиялык спортчулар Софья Шевченко менен Игорь Ерёменко тогузунчу орунга илинди
14 / 16
"Жупташып бийлөө" категориясында күмүш байгелүү болгон россиялык фигуристтер Евгения Тарасова менен Владимир Морозов
15 / 16
Япониялык Мисато Комацубара менен Тим Колето бий программасында жетинчи орунду алышты
16 / 16
Муздагы бий боюнча алтынга татыган россиялык спортчулар Виктория Синицина жана Никита Кацалапов