Айрымдардан "жашынууга" болот. WhatsApp жаңы кызмат киргизди

Жаңы кызматты кошкон колдонуучулар өзүнө жакпаган адамдардын номерин атайын тизмеге киргизе алат. Алар анын мессенжерге качан кирип-чыкканын көрө албайт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. WhatsApp мессенжеринде айрым адамдардан "жашынууга" мүмкүнчүлүк берген кызмат кошулду. Бул тууралуу WABetaInfo порталы жазды. 
WhatsApp телефонго байланбай эле компьютерде иштөөнүн жолун сунуштайт
Опцияны колдонуу үчүн "Түзөтүүлөр" бөлүмүнө кирип, "Конфиденциальность" пунктун басып, "кирген" (был/а") деген жериндеги "Менин байланыштарым, андан тышкары" бөлүмүн басуу керек.
Жаңы кызмат азыр жеткиликтүү экени кошумчаланат.