Сулуулар. Эже-сиңди Шевченколордун Холли Берринин фильминин бет ачарындагы сүрөтү

Шевченко Lady Killer (Киши өлтүргүч аял) каймана аты бар мушкердин, тагыраагы, Холли Берринин спорттогу атаандашынын ролун аткарган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко актриса Холли Берринин "Көгала болгондо" тасмасынын бет ачарына барганын социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Спортчу кыз актриса Холли Берри жана анын жакындары менен түшкөн сүрөтүн да койгон.
Социалдык тармактагы дагы бир баракчада эже-сиңди Антонина менен Валентина Шевченколордун сүрөтү да жарыяланган.
Эске салсак, анда Шевченко башкы ролдогу Жекинин, тагыраагы, Холли Берринин спорттогу атаандашы болот. Сценарий боюнча, Жекинин карьерасы кичинекей уулу менен мамилесин оңдогондон кийин жанданат.
Шевченко Lady Killer (Киши өлтүргүч аял) каймана аты бар мушкердин ролун аткарат. Жеки маанилүү беттеште аны менен кармашып, мурдагы атак-даңкын кайтаргысы келет.
Антонина фильмден бир нече кадрларды жарыялаган.
Кинонун трейлери интернетке 14-октябрда чыккан. Фильм 2019-жылдын декабрында тартылып бүткөн.