Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган автоунаа өрттөндү. Сүрөт

Кырсыктан жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок. Автоунаадан чыккан өрт саат 15:42де чектөөгө алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Жалал-Абаддын Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айыл аймагында күйүүчү май ташыган (бензовоз) автоунаа өрттөнгөнүн ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Жалал-Абаддын Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айыл аймагында күйүүчү май ташыган (бензовоз) автоунаа өрттөнгөнүн ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады
2 / 3
Билдирмеге караганда, өрт Бишкек — Ош жолунун 238-чакырымында катталган
3 / 3
Аны өчүрүү үчүн саат 14:30да ӨКМдин Токтогул районунда жайгашкан бир өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, тилсиз жоо саат 15:42де чектөөгө алынган.
Билдирмеге караганда, өрт Бишкек — Ош жолунун 238-чакырымында катталган. Аны өчүрүү үчүн саат 14:30да ӨКМдин Токтогул районунда жайгашкан бир өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, тилсиз жоо саат 15:42де чектөөгө алынган.
Министрликтен учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатканын, кошумча маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.