Сузакта үч баланын сөөгү үйүнөн табылды, энеси ооруканада

Окуя бүгүн, 14-ноябрда, болгону айтылды. Кичинекей балдардын апасы өтө оор абалда Сузак аймактык ооруканасына жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы үйлөрдүн биринен үч баланын сөөгү табылды. Маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев тастыктады.
Анын айтымында, окуя 14-ноябрь күнү эртең менен болгон. Балдардын апасы өтө оор абалда Сузак аймактык ооруканасына жеткирилген.
Алдын ала маалымат боюнча, балдар энеси менен мештен чыккан иске ууланган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.