Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы АКШда дагы бир сыйлык алды

Аталган фильмдин жаратуучуларына фестивалдын башкы демөөрчүсүнүн атынан 10 миң доллар берилгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Лос-Анжелесте (АКШ) өткөн Азия кинолорунун дүйнөлүк фестивалында (AWFF) режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы "Көрүүчүлөрдүн симпатиясы" сыйлыгын алды. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.
1 / 2
Лос-Анжелесте (АКШ) өткөн Азия кинолорунун дүйнөлүк фестивалында (AWFF) режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы "Көрүүчүлөрдүн симпатиясы" сыйлыгын алды
2 / 2
Аталган фильмдин жаратуучуларына фестивалдын башкы демөөрчүсүнүн атынан 10 миң доллар берилгени да кабарланды.
Аталган фильмдин жаратуучуларына фестивалдын башкы демөөрчүсүнүн атынан 10 миң доллар берилгени да кабарланды.
"Көрүүчүлөр тасманы баалаган. Айрыкча, кинодогу башкы каармандын образын жараткан Артур Аманалиев көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурдуруп, кино жаратуучулар анын актерлук чеберчилигине баа беришти", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, ушул эле тасманын режиссёру Артыкпай Сүйүндүков  жакында эле Стамбулда өткөн түрк дүйнөсүнүн "Коркут Ата" кинофестивалында мыкты режиссёр наамын алган.
"Шамбала" тасмасы Москвада өткөн кинофестивалда эки сыйлык утту
"Шамбала" фильми 2020-жылы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасынын негизинде тартылып, бир катар фестивалдарга катышып сыйлыктарды алып келет.
Азия кинолорунун дүйнөлүк фестивалы быйыл жетинчи ирет өткөрүлүп жатат. Кинофестивалдын максаты — эл аралык маданий кызматташтыкты өрчүтүү жана Азия менен Голливуддун киноиндустрия жаатындагы байланыштарын чыңдоо.
Белгилей кетсек, AWFF кыргызстандык режиссёр Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.