Окумуштуулар түндө байкалчу рактын симптомдорун аныктады

Изилдөө жүргүзүлгөндөн кийин түндө дем алуусу токтоп калган адамдарда онкология оорусу пайда болушу мүмкүн деген тыянак чыгарылган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Lung Европа фондунун окумуштуулары уктап жаткан маалда дем алуунун токтоп калышы (коңурук тартып жаткан адамдын дем алуусу токтоп, кайра коңурук тарта баштайт) рак шишигинин өрчүп жатканынан кабар бериши мүмкүн деп эсептейт. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Medicalxpress порталына шилтеме берүү менен жазды.
Тердетет, баш айланат... Уйку бездеги залалдуу шишиктин белгилери
Изилдөө жүргүзүү менен окумуштуулар түндө дем алуусу токтоп калган адамдарда онкология оорусу пайда болушу мүмкүн деген тыянак чыгарган. Мындай тобокелчилик тобуна эркектерге караганда аялдар көбүрөөк кабылары белгиленген.