Антарктиданын үстүндөгү коркунучтуу озон тешиги. NASA тарткан жаңы видео

Түштүк жарым шардагы өзгөчө суук кыш жана глобалдык жылуулук Антарктидадагы озон тешигин чоңойтууда. 1979-жылдан бери анын көлөмү 13-орунда болуп келет.
Sputnik
Бул тешиктин аянты улам кеңейип, 7-октябрда эң чоң көрсөткүчкө жетип, эми кайрадан азайганы айтылды. NASA бул кубулуштун ар бир учурун эсептеп отуруп, атайын видео даярдаган.
Озон Жердин атмосферасынын эң жогорку катмарында калыптанат да, аны зыяндуу ультрафиолет нурлардан сактап турган функцияны аткарат.  Бирок адамзаттын "ишмердүүлүгүнөн улам" чогулган хлор менен бром озон катмарын бузуп, жогоруда сөз кылган күндүн ультрафиолет нурлуу радиациясынын агымын көбөйтөт.
Антарктиканын үстүндө акыркы 10 жылдагы эң чоң озон тешиги пайда болду
Озон катмарына зыян келтирбей сактоо боюнча дээрлик элүү мамлекетти милдеттендирген 1987-жылдагы Монреаль протоколу бар, бирок буга бардыгы эле кол койгон эмес... Анткен менен NASA кабыл алынган чаралар өзүнүн пайдасын тийгизгендигин айтат.
Годарт атындагы комостук учуулар борборунун илимий кызматкери Пол Ньюман эгер бул протокол болбогондо озон катмарындагы тешик төрт миллион чарчы метрге чоңоюп кетүү кооптуулугу жаралмактыгын айткан.