Сүйкүмдүү, жагымдуу. Барстын бири-бири менен ойногон күчүктөрүнүн Тоңдогу сүрөтү

Коруктун кызматкерлери ак илбирстин төлү жакшы экенин белгилешкен. Бул жай Тоң районунун аймагында жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Байбоосун коругунда илбирстин эки баласы фотокапканга түшүп калган.
1 / 3
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Байбоосун коругунда илбирстин эки баласы фотокапканга түшүп калган
2 / 3
Сүрөттөн илбирстин эки баласы бир-бири менен ойноп жатканын, бирөө келип фотокапканга байкоо салып, кызыгып караганын көрүүгө болот
3 / 3
Байбоосун коругу — Ысык-Көл облусунун Тоӊ районундагы өзгөчө корголуучу коомдук аймак.
Барстын балдарынын сүрөттөрү аталган коруктун Facebook баракчасына жарыяланды.
"Байбоосун жаратылыш коругундагы ак илбирстердин төлү кудай буюрса жакшы, көз тийбесин...", — деп жазылган сүрөттө.
Сүрөттөн илбирстин эки баласы бир-бири менен ойноп жатканын, бирөө келип фотокапканга байкоо салып, кызыгып караганын көрүүгө болот.
Байбоосун коругу — Ысык-Көл облусунун Тоӊ районундагы өзгөчө корголуучу коомдук аймак.