БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенине барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Ал кенде жайгашкан бир катар объектилерди кыдырып чыгып, андан соң Жети-Өгүз районунун тургундары менен жолуккан.
Өкмөттүн маалымат кызматы жарыялаган кадрлардан Жапаровду орун басары Азиз Аалиев жана коргоо министри Бактыбек Бекболотов коштоп барганын көрүүгө болот.
Эске салсак, май айында өкмөт Кумтөр кенине убактылуу тышкы башкаруу киргизип, жетекчилигине Теңиз Бөлтүрүктү дайындаган. Ошондон бери кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. соттошуп келе жатат.