Белгисиз аномалиянын видеосу Tetova News басылмасынын You-Tube каналына жарыяланган.
Express https://www.express.co.uk/ басылмасынын маалыматына караганда, окуя узап бараткан жуманын шейшемби күнү кечинде болгон. Анда түнкү асманда цилиндр формасында объект пайда болуп, бир нече убакыттан кийин күтүүсүздөн жоголуп кеткен. Табышмактуу кубулушка Жер ортолук деңиздин жээгинде жайгашкан Франциянын бир нече шаарынын тургундары күбө болгон.
"Кубулушту көргөндөрдүн айтымында, асманда пайда болгон объект өтө ылдам жана айланып бара жаткан. Мындан улам аны учак же спутник деп боолголоого мүмкүн эмес", — деп жазылат маалыматта.
Эксперттер күбөлөрдүн оюна кошула турганын айтып, учак, спутник мынчалык тез жүрбөй турганын белгилешкен.