БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Чүй облусунун Москва районунун аймагынан курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылганын УКМК билдирди.
Ал жакта эки тапанча, ар кандай калибрдеги гильзалар, колго жасалган жарылуучу заттар жана башка курал-жарактар болгон.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, аларды кылмышкерлер өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдаганы аныкталды", — деп жазылган билдирмеде.
Учурда курал-жарак менен ок дарылардын кайдан алып келингенин жана жашыруун жайды уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүүдө.