"Шамбаланы" тарткан Артыкпай Сүйүндүков Түркиядан мыкты режиссёр наамын алды

Кинофестивалга ондон ашуун мамлекет катышкан. "Шамбала" фильми 2020-жылы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасынын негизинде тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Стамбулда өткөн түрк дүйнөсүнүн "Коркут Ата" кинофестивалында "Шамбала" тасмасынын режиссёру Артыкпай Сүйүндүков мыкты режиссёр наамын алды. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясы кабарлады.
Эл аралык кинофестиваль 8-12-ноябрда өтүп, анда Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан, Венгрия, Украина жана башка өлкөлөрдүн кинолору көрсөтүлгөн.
Лос-Анжелесте "Шамбала" менен "Акыркы көч" көрсөтүлдү. Сүрөттөр
Фестивалдын алкагында кыргыз киносунун 80 жылдыгына арналган иш-чаралар, талкуулар, ошондой эле "Айтматов жана кино" тегерек столу өткөн. Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасын сактап келе жаткан балдары Ширин менен Элдар Айтматовго ардактуу сыйлык берилген.
"Кыргызфильм" улуттук киностудиясы "Түрк дүйнөсүнүн маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн" ардактуу сыйлыкка татыган.
"Шамбала" фильми 2020-жылы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасынын негизинде тартылган. Тасма бир катар фестивалдарга катышып келет.