БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаровдун 11-12-ноябрь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарына болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчы Түркиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолуккан. Анда инвестициялык жана өндүрүштүк кызматташтыктын келечеги, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, айыл чарба, тоо-кен, жеңил өнөр жай, гидроэнергетика жана башка тармактарда өз ара кызматташуу талкууланган.
Ошондой эле Садыр Жапаров Стамбулдагы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) VIII саммитинде сүйлөп жатып, Түрк инвестициялык фондун Бишкек шаарына жайгаштырууну сунуштады.
Саммиттин жүрүшүндө ТМККнын эл аралык аренадагы маанилүү ролун, ошондой эле Кыргызстандын мындан ары да түрк дүйнөсүнүн мамилелерине жана боордоштугуна активдүү катышууга, түрк мамлекеттеринин интеграциялык процесстерин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошууга даярдыгын белгилеген. Ал ТМККга мүчө мамлекеттерди биримдикке жана кызматташтыктын бардык тармактарында өз ара аракеттенүүнү шайкеш келтирүүгө чакырган.
Иш-чаранын жыйынтыгында мамлекет башчылары бир катар документтерге кол коюшкан.
Саммиттин аянтчасында президент Садыр Жапаров Азербайжан мамлекет башчысы Ильхам Алиев, Өзбекстан мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулап, жакынкы келечекте кызматташуунун пландарын белгилешкен.